Топонимдер - Жер-суу аталыштары даректүү тарыхый булактар, фольклордун материалдары, этностук аталыштар, археологиялык табылгалар ж.б. сыяктуу эле илимий негиздүү маанилүү тарыхый маалыматтарды берери белгилүү.

Мындан сырткары, жер-суу аталыштары байыркы доорлордун түпкүрүнөн мааниси жана формалары өзгөрүлбөй сакталып, иликтенүүчү аймактардагы элдердин тарыхый лексикасын, түпкүлүктүү жалпылыгын аныктоодо мааниси зор булак катары кызмат кылат. Географиялык аталыш илимий жана практикалык мааниге ээ болуу менен бирге, коомдук функцияны да аткарат. Андан аймактын жаратылышынын өзгөчөлүктөрү, ландшафтагы көп түрдүүлүк, калктын чарбалык иш-аракеттери, тамыры тереңге кеткен тарыхы, содиалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр күзгү сыяктуу көрүнүп турат. Топонимдер өткөн доордун руханий эстеликтери гана эмес, ошол мезгилдеги тарыхтын, маданияттын өнүгүшүн, аймактагы тилдин жана анын диалектилерин, тилдердин өз ара катышуусун, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн чагылдырат.

Өткөн тарыхый доордун күбөлөрү болгон географиялык аталыштар өтө баалуу тарыхый эстеликтер катары кызмат кылары шексиз. Азыркы тилибизде колдонуудан калган сөздөрдүн формалары, лексикалык маанилери жер-суу аттарында сакталып келери талашсыз. Жергиликтүү аталыштар тарыхый диалектологияны калыбына келтирип, иликтөөдө мааниси зор. Жер-суу аталыштары белгилүү бир тарыхый доорлордо пайда болуп, формасы жана мааниси жагынан айрым өзгөрүүлөргө дуушар болушкан; таралуусу конкреттүү тарыхый окуяларга - элдердин, уруулардын миграциясына, согуштук аракеттерге, маданий, экономикалык жана тилдик алакаларга байланышкан. Бул багытта топонимика тарыхтын, тагыраак айтканда, тарыхый географиянын бир бөлүгү болуп калат. Ошондуктан тарыхчылардын географиялык аталыштарды булак катары пайдалануу менен, бир эле учурда тарыхый географияны жана топонимиканы байытышканы кокусунан эле келип чыккан эмес.

Белгилүү изилдөөчү В.А.Никонов: «... энчилүү аттар - булар сөздөр, сөздүн кимдер тарабынан берилгенин аныктап турат. Энчилүү жер-суу аттары ошол жерлерге бекитилип калгандыктан, алар аркылуу белгилүү аймактагы байыркы тилди калыбына келтирип, мейкиндиктеги таралуу чек арасын аныктоого болот. Бул аталыштар көпчүлүк тилдерден эрте пайда болгон», - деп айткан. Мындан сырткары, географиялык аталыштардын жылып жүрүүсү кайсыл гана аймактагы болбосун элдин миграциясын, түрдүү этностордун үстөмдүгүнүн алмашуусун да чагылдырат. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын аймагы узак мезгилдер бою анын топонимиясында из калтырган татаал тарыхый окуялардын чордону болуп келген.

Түркүн тилдеги элдердин, уруулардын бир канча ирет көчүп келүүлөрү географиялык аталыштардагы көп катмардын калыптанышына алып келген. Кыргызстандын жана Саян-Алтайдын, ага жамаатташ аймактардын топонимиясы, анын пайда болуусу, маанилери жалпы бир кыртышта жаралган. Кыргызстандын географиялык аталыштарында кыргыз энчилүү аттары басымдуулук кылат. Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагынан байыркы түрк, түштүк сибирдик (Саян-Алтай) жана уйгур-өзбек аталыштары да кездешет. Мисалы, Хакас-Минусин ойдуңунун географиялык аталыштарында түрдүү тилдик катмарлар бар экендиги байкалат. Алардын дчинен эң байыркы катмары кет жана самодий топонимдери болуп саналат. Бирок бул аймактын географиялык аталыштарынын негизги бөлүгү (болжол менен алганда, 70%) хакас (кыргыз) тили менен байланышкан.

Бул кыргыздардын Орто Энесай өрөөнүндө миң жылдар бою өкүм сүргөн үстөмдүгүн аныктаары бышык. Кыргызстандын жана Саян-Алтайдын топонимиясынын өзгөчөлүктөрү геоморфологиялык структуранын рельеф жана жергиликтүү айлана өйрөнүн түз чагылдырылышында болуп саналат. Буга кыргыздардын хакастар, алтайлыктар (түштүк алтайлыктар), тувалар сыяктуу эле миңдеген жылдар бою көчмөн турмушта жашап келиши далил боло алаары шексиз. Деген менен, кыргыздардын (энесайлык кыргыздар) жер иштетип, чарбалык ж.б. керектөөлөрүн канааттандырышкандыгын белгилөөбүз зарыл.

Адамдардын чарбалык бул ишмердүүлүгү алардын тоолорду жана өрөөндүү жерлерди, дарыя жана сууларды, жайыттарды, жолдорду мыкты өздөштүрүүсүн талап кылган. Ал эми аймактын топонимиясында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү менен байланышкан географиялык аталыштар жыш кездешет. Параллелдер бул аймактарды теги жалпы этностук жалпылыкты түзгөн бир эл (уруу) узак убакыттар бою мекендеп келгендигин чагылдырат.

Кыргызстан жана Саян-Алтайдын географиялык негизин эки, айрым учурларда үч компонентте турарын белгилөө зарыл. Алардын көпчүлүгү абстракция жана субстантивация натыйжасында жалгыз лексикалык бирдик болуп калган. Ошону менен бирге, жогорудагы топонимиялык параллелдерде этногенетикалык терең жалпылыкты чагылдырат. Мисалы, 6-18-кк. кыргыз топонимдери (Минусин ойдуңундагы энесайлык кыргыздарга таандык) бүгүнкү күнгө чейин формасы өзгөрүүсүз сакталып келди. Бул Тоолуу-Алтай, Тува жана Түндүк-Батыш Монголиянын жер-суу аттарына да мүнөздүү көрүнүш. Уруунун, элдин байыркы миграциясын аныктоодо анын баштапкы жана акыркы көчүп-конуу ареалын тактоо зарыл.

Көчүп конуп жүрүүнүн баштапкы жана акыркы пункттарындагы жер-суу аталыштары мааниси, формасы жагынан өтө жакын, көпчүлүк учурда алар өзгөрүүсүз бойдон алынып келинет. Мисалы, Кыргызстандын аймагындагы Чүй, Кемин, Ачы, Кулунду, Аксы, Көкарт, Кызылсеңир, Акбаш, Атбашы, Алабука, Пачата, Сыны ж.б.у.с. жер-суу аттары Саян-Алтайдын топонимиясында да кайталанат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.