Мартышка сымалдар (лат. Cercopithecidae) — тар таноолуу маймылдар тукуму. Мартышка сымалдар эки тукумчага (мартышкалар жанa ичке маймылдар) бөлүнөт.

Cercopithecus lhoesti.

Мартышкалардын көбүнүн куйругу узун, кээ бириники кыска же орточо, маготтуку жок. Кол, буттары бирдей узундукта. Мээси 50— 200 г, бырышы көп. Мартышкалар­дын 8 уруусу (мартышка, макака, павиан, мандрил, гусар ж. б.) бар. Африка, Түш. Азияда кезигет. Үйүрү менен негизинен дарактарда жашайт. Мартышканын дене уз. 35—64 см, салм. 1—9 кг, куйругу узун (35— 100 см). Колунан буту узунураак. Жүнү жашыл, сары, Кызыл, көгүш. Мартышканын 23 түрү Африканын түштүгүндө, тропик токойлорунда 5— 15тен топтошуп жашайт. Өсүмдүк жалбырагы, гүлү, мөмөсү, курт-кумурска ж. б. менен азыктанат. Мартышка сымалдардын мед. жанa биол. изилдөөлөрдө мааниси бар. Ичке маймылдардын дене уз. 41—83, куйругу 50—110 см. Башы тоголок, астынкы жаагы кыка. Алар 6 урууга бөлүнүп, негизи­нен Түш. Чыгыш Азияда жашайт, бир гана уруусу Африкада кезигет.

Үруу кирет: Аллен мартышкасы (лат. Allenopithecus nigroviridis), Диана-мартышка (Cercopithecus diana), жашыл мартышка (С. sabaeus), кидик мартышка (Miopthecus talapoin), кызыл гусар мартышкалар (уруу) (Erythrocebus), монамартышкалар (топ) (Cercopithecus топа), кадимки мартышкалар (уруу) (Cercopithecus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү