Мегомметр (мега..., ом жанa ...метр) — эң чоң (105 оледон ашык) электр каршылыгын өлчөөчү прибор. Мегомметр менен электр зым, кабель, ажыраткыч, тран­сформатор, электр машина оромдору ж. б. түзүлүштөрдүн изоляцияларынын, ошондой эле изоляциялык материалдардын беттик жанa көлөмдүк каршылыгы өлчөнөт.

Мында чыңалуусу 500 вко жеткен өзгөрмө токтун генераторунан, эки рамалуу магнит-электрдик логометрден, момто бөлүнгөн шкаладан жанa кошумча каршылыктардан турган мегомметр кеңири колдонулат. Мегомметр менен изоляциянын каршы­лыгын өлчөөдө курчап турган чөйрөдөгү абанын температурасын жанa нымдуулугун эсепке алууга туура келет, анткени алар елчөөнүн натыйжасына чоң таасир тийгизет. Өлчөөнүн таксыздыгы 1—5%. Мындан башка да электрондук мегомметр пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.