Медет кызы Айпери
Медет кызы Айпери (төр. 30-март 1999, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан) — кыргызстандык спортчу, Эркин күрөш боюнча дүйнө кубогу (2020), Азия чемпиондугу жана Азия оюндарынын медалчысы. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Машыктыруучусу Нурбек Изабеков, насаатчысы Кыргыз Республикасынын дин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова.
Өмүр баяны
түзөтүүМедет кызы Айпери 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тили боюнча мугалим. Айпери — беш бир туугандын үчүнчүсү. 2005-2014-жылдары Бакай-Ата районунун 1-май айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган. 2015-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетинде окуйт.
Карьерасы
түзөтүү- 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
- 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль;
- 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль;
- 2017-жылы Азербайжанда өткөн ислам оюндарында коло медаль;
- 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль.
- 2017-жылы Финляндияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль;
- 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль;
- 2019-жылы Будапешт шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль;
- 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда күмүш медаль.
Булактар
түзөтүүТышкы шилтемелер
түзөтүү- Medet Kyzy, Aiperi (KGZ) (англ — International Wrestling Database .)