Мелиорация курулуштары
Мелиорация курулуштары - табигый шарты боюнча пайдаланууга ылайыксыз (саздак, кургак, шор, таштак ж. б.) жерлерди өздөштүрүүдө колдонулуучу гидротехникалык курулуш объектилери.
Мындай жерлерди жакшыртууда агромелиорация жана жердин бетин тазалоо чаралары менен бирге гидротехникалык курулуштар да пайдаланылат.
Ушундай максатгы иш жүзүнө ашыруу үчүн:
- Жерди сугарууда — плотина, канал, суу сактагыч, тундургуч суу алгыч, суу бөлгүч жана суу жүргүч ноо. жамгыр жаадыргыч ж. б. сугат техникасы;
- Жер кургатууда — ачык жанa жабык дренаждар, кудуктар ж. б. жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөткүч курулуштар;
- Жердин тузун жууп кетирүудө — канал, чек, ачык жанa жабык дренаждар. ж. б. жердин шорун азайтуучу курулуштар колдонулат.
Кыргызстанданда бул гидротехникалык курулуштардын бардык түрү кездешет. Алардын эң ирилери: Орто-Токой (сыйымдуулугу 470 млн м3), Киров атн. (550 млн м3), Төрткүл, Базар-Коргон, Найман ж. б. суу сактагычтар, Чоң Чүй каналынын түшүк чыгыш жанa батыш.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.