Меркит
Меркит – дөөлөс (төөлөс) уруусунун курамындагы урук. Этноним оболу, кытай жылнаамасы «юань-шиде» «мэ-ли-цзи» (меркит) формасында чагылдырылган. Марко Поло бул урууну Түндүк деңизге жакын жашайт деген божомолун айткан. Меркиттер 13-кылымда моңгол тилдеринин бир бутагында сүйлөгөн уруу (эл) болгон. Рашид ад-Дин Меркиттерди «көп сандаган, моңгол тилдүү эл, Чыңгыз хан жана анын тукумдарынын душмандары» – деп жазган.
Айрым даректүү булактарда «удуит-меркит» деп аталган бул уруунун курамына төрт урук (уйгур, мудан, тудахиин, жиюн) киргендиги чагылдырылат Меркиттер (удуит-меркиттер) 12–13-кылымдарда Онон, Керулен, Селенга дарыяларына, Тункин өрөөнүнө жамаатташ аймактарды мекендешкен. Этноним моңголчо «мэргэд» – «мергендер» маанисин түшүндүрөт. Арийне, Markid (мrkt < marakata) санскритче «кымбат баалуу, асыл таш» маанисин берет. Меркиттер кыргыздардын курамына Түштүк Сибирде эле кирүүсү ыктымал, ошондой эле өзбек, түркмөн жана моңголдордун курамында да бар. Чыгыш Түркстанда Меркиттер аттуу этнотопоним белгилүү.
Колдонулган адабият
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.