Металлдардын микроструктурасы

Металлдардын микроструктурасы (микроструктура жана латынча structura — түзүлүш) - металлдын микроскоп (оптикалык, электрондук) менен аныкталуучу ички түзүлүшү.

Металлды мик­роскоп менен изилдөөнү П. П. Аносов биринчи колдонгон (1831). Металлдар ж-а алардын куймалары коп сандаган кристаллдардан (бүртүкчөлөрдөн) турары белгилүү. Металлдардын микроструктурасы майда кристаллдардын формасы, саны ж-а оз ара жайгашуусу менен мүнөздөлөт. Ар бир кристаллдын ички түзүлүшү суб­структура (структураны түзүүчү) деп аталат да, ал кристаллдагы ички келегей (дефект), дислокациялардын саны ж-а ал кристаллдын жайгашы менен аныкталат.

Металлдардын микроструктурасынын негизги составдуу бөлүкчөлөрү: аустенит, феррит, цементит, перлит, ледебурит, мартенсит жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.