Метерлинк Морис
Метерлинк Морис (29. 8.1862, Гент -—5. 5. 1949, Ницца)—бельгиялык жазуучу.
- Французча жазган. Парижден укук боюнча билим алган. «Жылуу жайлар» (1889), «12 ыр» (1896) ыр жыйнактарында, «Сокурлар» (1890) ж. б. пьесаларында жабыркагандар менен бирге бактылуу тагдыр үчүн күрөшкөндөр көрсөтүлгөн.
- «Монна Ванна» (1902) тарыхый драмасыяда эл-жери үчүн күрөшкө чыккандардын эрдиги даңкталат.
- «Көк чымчык» (1905, аты уйкаш көркөм фильм тартылган) жомок пьесасы — Метерлинктин чыгармаларынын сереси.
- 1914—18-ж. Метерлинк герман. милитаризмин сындап, публ. макалалар да жазган.
- 1896—1918-ж. жазган гуманисттик пьесалары дүйн. театр репертуарына кирген.
- Нобель сыйл. лауреаты (1911).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.