Механикалык ткандар (өсүмдүктөрдө), өсүмдүктөрдүн арматурасы — өсүмдүктөргө бекемдикти камсыз кылуучу ткандардын системасы.

Механикалык ткандардын үч түрү (кол­ленхима, склеренхима жанa таштай ткань) бар. Колленхима целлюлозадан турган кабыгы текши эмес калыпдаган тирүтү узун клеткалардан турат. Ал өсүп жаткан жаш органдарга мүнөздүү. Склеренхима калың кабыктуу, эки учу ичкерген узун клеткалардан түзүлөт. Склеренхима тканы кабык жанa жыгач булалары (либриформ) түрүндө учурайт. Таш­тай ткань же склереиддер калыд ка­быктуу клеткалардан турат.

Клеткаларынын кабыгы сөңгөктөнгөн же минералдашкан. Мис., жадгактын ка­туу кабыгы склереид клеткаларынан турат. Жетилген склеренхима жана склереид клеткалары өлүк болот

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.