Микроорганизмдерди өстүрүү

Микроорганизмдерди өстүрүү - микроорганизмдердин (бактериялар, ачыткылар) клеткасын же алардын мицелийинин жипчелерин (актиномицеттер, кебер козу карындар) азык заттуу чөйрөдө өстүрүү.

Микроорганизмдерди өстүрүү.

Микро­организмдердин азык затын которбой өстүрсө, стапионардык, азык заты жаңысы менен алмаштырылып турса, үзгүлтүксүз Микроорганизмдерди өстүрүү деп аталат. Суу, аба, топурак жан башкадан биринчи жолу бөлүнүп алыныи өстүрүлгөн микроорганизмдер бир тектүү болбой, ал турдүү микроорганизмдердин аралашмасынан турат.

Таза микроорганизмдердин бир гана түрүн бөлүп алуу үчүн азык затта аралаш микроорганизмдерди суюк эмес азыктуу чөйрөдө бир нече жолу которуп өстүрүшөт. Мында азыктуу чөйрөнүн составын, реакциясын, темп-раны, абаны ж. б. өзгөртүү жолу менен керектүү микроорганизмдердин өсүп, көбөйүшү үчүн жагымдуу, ал эми калган микроорганизмдерге жагымсыз шарт түзүлөт. Бул элективдик Микроорганизмдерди өстүрүү деп аталат. Бир эле вегетатив клеткадан алынган тукум клон делет, ал микрооргапизмдердин бир эле түрүнө мүнөздүү болгон колонияны пайда кылат. Бөлүнүп алынган микроорганизмдин таза түрү аны изилдөө (морфологиясын, физилогиясынын көбөйүшүн, оору козгогучтугун ж. б.) үчүн керек

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.