Микроэкономика (микро... жана экономика) – экономикалык илимдин чакан масштабдуу экономикалык процесстерди, субъектилерди (ишкана, ишкер, фирма ж. б.), кубулуштарды изилдөөгө байланышкан бөлүгү; рынок экономикасында жеке субъектинин мүнөзүнүн мотивациясын караган экономикалык теория. Бул субъекттерге материалдык байлык өндүрүүчүлөр, тейлөө кызматында иштегендер, жеке керектөөчү же сатып алуучулар тобу кирет. Микроэкономикада негизги көңүл өндүрүштүн көлөмүнө жана өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилеге (сатуу, баа, чыгым, пайда) бурулган. Микроэкономика экономикалык теориянын өзүнчө багыты катары 19-кылымдын аягында бөлүнгөн. Буга Л. Вальрас (Швейцария), А. Маршалл (Англия) жана К. Менгер өзгөчө салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү