Миотония (мио... жанa гр. tonos — керилүү, жыйрылуу) —нерв-булчуң оорулары.

Мында жыйрылган бул­чуң көпкө жазылбайт. Тукум куума ооруларга кирет. Оору организм суукка урунганда, катуу чарчаганда, психикага күч келгенде акырындык менен башталат. Миотония вегетатив нерв системасы менен ички секреция безинин функциясынын бузулушунан пайда болу­шу мүмкүн. Дарылоодо гормон дары-дармеги. витаминдер жанa физиотера­пия колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.