Миранда (планета жандоочусу)

Миранда (Miranda) – Уранга эң жакын жайгашкан, жана негизги 5 жандоочунун эң кичинеси.

Миранда - Урандын жандоочусу.

Уранга чейинки аралыгы 130 миң км, айлануунун сидерикалык мезгили 1,4 сутка, диаметри 480 кмге жакын.

Миранда 1948-жылы америкалык астроном Джерард Койпер ачкан. Аны күчтүү телескоп аркылуу гана көрүүгө болот, 17-жылдыз чоңдугуна барабар.

Кошумча макалалар

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов