Мирлан Мурзаев

Кыргызстандык футболчу, улуттук курамдын капитаны

Мирлан Мурзаев ( Сүлүктү, Баткен облусу 29-март 1990[1] [2] ) — Кыргызстандык футболчу, «Дордой» клубунун жана Кыргызстан улуттук курамасынын чабуулчусу. Акыркы эки оюнда улуттук курамдын капитан милдетин аткарган.

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Мирлан Мурзаев
Жалпы маалымат
Төрөлгөн датасы 29 -март 1990(1990-03-29) (34 жаш)
Сүлүктү, Баткен облусу, Кыргыз ССРи, СССР Кыргызстан
Жарандыгы  Кыргызстан
Бою 182 см
Салмагы 77 кг
Позициясы Чабуулчу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Кыргызстан Дордой
Номуру 10
Карьерасы
Клубдук карьерасы*
2005—2006 Кыргызстан Жаштар курамы 33 (5)
2006 Кыргызстан Мурас-Спорт 10 (3)
2007—2010 Кыргызстан Дордой 73 (23)
2010  Орусия Локомотив (Москва) 0 (0)
2011—2012 Израиль Хапоэль (Петах-Тиква) 8 (0)
2012—2013 Кыргызстан Дордой 44 (20)
2014 Түркия Денизлиспор 9 (0)
2014—2015 Кыргызстан Дордой 16 (17)
2015—2016 Түркия Афжет Афьонспор 17 (8)
2016—2017 Түркия Ушакспор 22 (6)
2017—2018 Түркия Серик Беледиеспор 18 (8)
2018 Кыргызстан Кара-Балта ? (1)
2018—2019 Түркия Сомаспор 11 (3)
2019—а.у. Кыргызстан Дордой 35 (19)
Улуттук курамасы**
2009 Кыргызстан Кыргызстан (U-20) 3 (0)
2010 Кыргызстан Кыргызстан (U-23) 2 (0)
2009—а.у. Кыргызстан Кыргызстан 48 (14)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 08.03.2019-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 15.06.2021-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Карьерасы

түзөтүү

2007-2010-жылдары " Дордой-Динамо" клубунун түстөрүн коргогон. 2010-жылы кышында аны Москва Локомотиви [3] . Темир жолчулардын негизги курамында өз ордун ээлей алган эмес, дубль үчүн 11 беттеш өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги Петах Тикванын Хапоэль клубунда ойноп[4], андан кийин 2012-жылы Дордойдогу мекенине кайтып келген. 2014-жылдын январь айынан баштап Түркиянын Денизлиспор клубунда ойнойт[5] .

Улуттук курамда

түзөтүү

2009-жылдан бери Кыргызстандын улуттук курамында ойноп келет. 23-мартта Непалдын курама командасына каршы дебюттук беттешинде (1: 1) ал алгачкы голун киргизген.

2019 Азия Кубогунун катышуучусу. 1/8 финалдык беттеште БАЭ курама командасына каршы гол киргизген (2: 3).

Жетишкендиктери

түзөтүү
  • Кыргызстандын чемпиону (5): 2007, 2008, 2009, 2012, 2014
  • Кыргызстандын чемпионатынын күмүш медалынын ээси: 2013-жыл
  • Кыргыз Кубогунун ээси (3): 2008, 2012, 2014
  • Кыргыз Кубогунун финалисти: 2013-жыл
  • АФК Президентинин Кубогунун ээси: 2007-жыл
  • АФК Президентинин Кубогунун финалисти (3): 2008, 2009, 2010

Эскертмелер

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү