Аймамбетов Миңбай (1930, Кочкор району, Ак-Жар айылы — 1997, Бишкек) — биолог, медицина илимдеринин доктору (1975), профессор (1976). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауеаты (1984), Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер (1994).

1957—66-ж. биология кафедрасында ассистент, 1966—68-ж. улук илимий кызматкер, 1968—75-ж. доцент, профессор, 1975-жылдан биология кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Аймамбетов негизинен органдар менен ткандардын регенерация жана трансплантация проблемаларын изилдеген.
100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) автору. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.