Миң-Куш суусуЖумгал районундагы суу, Көкөмерен суусунун сол куймасы. Узундугу 47 км, алабынын аянты 728 км2. Молдо-Тоонун түндүк капталынан башталып, нугу кууш; ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү кеңеет. Негизинен булак (42%), мөңгү (28%), кар (25,4%) суула рынан куралат. Ири куймалары: Чамынды (узундугу 29 км), Туюксуу (13 км), Чоң-Таш (12 км). Жылдык орточо чыгымы 1,12 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында таш көмүр кени бар. Жээгинде Миң-Куш шаарчасы, Сары-Булак кыштагы жайгашкан.

Миң-Куш суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 47 км
бассейндин аянты 728 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Жумгал району

Адабият түзөтүү