Миң булак эстелигиЧүй өрөөнүндө жайгашкан Батыш Түрк каганынын коругу. Сюань Цзяндын жылнаамасындагы маалыматтарда (7-кылымда) түрк каганынын чатыры жибектен жасалып, өзү жибектен тигилген кийим кийген. Бийлик белгиси катары жибек тасма тагынган. Тасманын бир учу башына оролуп, калганы далысына арта салынган. Миңбулак коругунда анын малы жайылган, өзү аң уулаган. Жыл сайын ысыкта салкындаш үчүн ушул жерге келип тургандыгы, Миңбулак эстелигинен чакан коңгуроолорду, шакекчелер менен кооздолгон бугуларды кездештирүүгө боло тургандыгы айтылат. Миңбулак коругу азыркы күндө кайсы жерде жайгашкандыгы тактала элек.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү