Миң теке тоосу - Түркстан кырка тоосунун түндук тарабында меридиан багытында 20 км. ге чейин созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Баткен районунун аймагында. Батышынан Тамынген, чыгышынан Миңтеке суулары (Каравшиндин оң куймалары) менен чектешет. Орточо бийиктиги 4000–4100 м, эң бийик жери Гранит чокусу (5278 м). Тоо түндүктөн түштүккө карай бийиктейт; Түркстан кырка тоосуна тутумдашкан жери аска-зоокалуу келип,мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең тилмеленген. Байыркы мөңгүнүн издери (морена, тепши сымал өрөөндөр жана башка) кездешет.Тоо сланец, конгломерат, акиташ жана башка тектеринен турат. Капталдарына арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2900 м бийиктикке чейин), субальп жана альп талаасы (3300 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы