Модуль (лат. modulus — чен)

  • 1) кандайдыр бир негизги коэффициенттин же чоңдуктун аталышы (мис., тиштүү бириктиргич модулу, серпилгич модулу, комплекстүү сан модулу).
  • 2) Курулуштагы же арх-радагы шарттуу бирдик. Ал имарат же комплекс бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн координа- циялоодо колдонулат.
  • 3) Ар кандай тех. түзүлүштөрдө (татаал түзүлүштүн бөлүгү) өзүнчө иш аткаруучу жанa деталдардын өз ара бири бирин алмаштыруучу комплекстерди бириктирүүчү түйүн.
  • 4) Космос кемесинин составдык белүгүнүн чет элдик адатта кездешүүчү аталышы (мис., «Апол­лон» кемесинин негизги, же орбитадагы, же Айдагы бөлүгү).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.