Москва жанындагы салгылашКеңештер Бирлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Москвага карай жапырып келаткан фашисттик немис аскерлерин токтотуу жана талкалоо үчүн согушу. Москванын Борбордук багытына фашист немис аскерлеринин (950 самолёт, 1700 танк, 19 450 куралжарак жана минаатаар) «Борбор» (генерал-фельдмаршал Ф. Бок) армиясынын тобу (бардыгы 77 дивизия, а. и. 23 танкалык жана моторлошкон) жумшалган.

Москва салгылашуусу
Дата

30 сентябрь 1941 — 20 апрель 1942

Орун

Москва, Кеңештер Бирлиги

Өзгөрүүлөр

Советтердин стратегикалык утуусу

  • "Барбаросса" операциясынын болбоосу
  • "Тайфун" операциясынын болбоосу
Каршы тараптар
ССРС Кеңештер Бирлиги Нацисттик Германия
Виши Франциясы
Колбашчылар
И. Сталин
ССРС Г. Жуков
ССРС С. Тимошенко
ССРС А. Василёвский
ССРС И. Конев
ССРС С. Будённый
Адольф Гитлер
Тарап күчтөрү
96 дивизия
990 танк
7600 минаатаар
667 учак

Баардыгы
: 1,250,000 аскер
78 дивизия
1700 танк
14,000 минаатаар
1390 учак

Баардыгы
: 1,929,406 аскер
Жоготуулар
937,000 Адам/Аскер 500,000 Адам/Аскер

Фашист немис командованиесинин максаты Духовщина, Рославль, Шостка тараптан Кызыл Армиянын негизги күчтөрүнө сокку уруу, Батыш жана Брянск фронтторун Москвага чегиндирбей жарып кетүү, ошону менен борбор шаарды курчоо жана талкалоо, андан соң түндүктөн жана түштүктөн каптап кирүү эле. Советтик Жогорку башкы командачылык Москваны коргоо үчүн кошумча күч (770 танк, 364 самолёт, 9150 курал-жарак жана миномёт) топтоого үлгүргөн. 500 миңден ашуун москвалыктар коргонуу курулуштарын куруп, алардын 120 миңи элдик ыктыярдуу кошуунга бириккен. Москва айланасында партизан кыймылы күчөп, кийин алар 40 отрядга чейин жеткен. Душмандын чабуулу 30-сентябрда «Борбор» армиясынын 2-танкалык соккусу менен башталган. 2-октябрда «Борбордун» негизги күчтөрү чабуулга өтүп, бат эле Калуга, Боровск, Можайск, Малоярославец жана Калинин шаарын басып алган. Мамлекеттик Коргоо Комитетинин 1941-жылы 19-октябрдагы токтомунда Москва курчоо абалында деп жарыяланган. Ушундай шартта советтик жоокерлер ашкере туруктуулук көрсөтүп, душманды Москвага 100 км чамалуу жеткирбей токтотуп, стратегиялык күчүн Загорскинин батыш тарабына, Москва айланасына жана Рязандын түштүгүнө топтогон. Фашист аскерлери кайрадан күч жыйнап, эки армиясынын колдоосу менен 15-ноябрда Калинин-Солнечногорск, Сталиногорск-Кашира тараптан чабуул жасаган. Бул сапар фашисттер Москванын түндүк жана түштүк тарабын бууп салуу, борбор шаарды ээлөө, андан чыгышка бет алуу максатын көздөгөн. Немистердин эки танкалык тобу 1декабрда Москвага Нахабино, Криково, Красная Поляна тараптан кирүүгө аракеттенген. Советтик аскерлер Яхроманын түштүгүнөн контрсокку уруп, душманды сүрүп таштаган. Москваны коргоочу (1941-жылы чейин) Батыш (командачысы – генерал-полковник И. С. Конев, 10-октябрдан армиянын генералы Г. К. Жуков), Резервдик (командачысы – Советтик Союз. маршалы С. М. Будённый), Брянск (командачысы – генерал-полковник А. И. Ерёменко, октябрь айынан генерал-майор Г. Ф. Захаров) жана Калинин (командачысы – генерал-поковник И. С. Конев) фронтторунун советтик жоокерлери Волга суу сактагычы, Дмитров, Яхрома, Красная Поляна, Истра, Кубинка, Наро-Фоминск, Серпухов, Алексин, Тула багытында душмандын «Борбор» армиясынын чабуулун токтотушкан. 1941-жылдын 5–6-декабрында Калининден Елецкиге чейинки фронтто контрчабуулга өткөн. Советтик жоокерлер Волга суу сактагычы менен Яхроманын ортосунан жарып өтүп, Клин шаарын, 13-декабрда Калинин шаарын бошоткон. Москва, Тула, Рязань, Калинин, Смоленский, Орёл облустарынын көп райондору душмандан толук бошотулган. Фашист баскынчылар 500 миңден ашуун аскеринен, 1300 танкасынан, 2500 замбирегинен, 15 миңден ашуун машинасынан жана башка көптөгөн техникасынан ажыраган. Москва жанындагы салгылаш Германия армиясына олуттуу сокку уруп, анын жеңилбестиги жөнүндөгү аңыз сөздөрдү жокко чыгарган. Бул жеңиш советтик жоокерлердин баатырдыгын жана жалпы совет элинин эмгектеги каармандыгын даңазалаган. Салгылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн 110 жоокер Советтик Союз. Баатыры деген наам алган. Москваны коргоодо Кыргызстандан барган жоокерлердин да салымы зор (к. Панфилов дивизиясы). 1944-жылы «Москваны коргогону үчүн» медалы белгиленип, 1965-жылы Москва шаарына «Баатыр шаар» деген ардак наам берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү