Москва эл банкыЛондондогу акционердик коммерция банкы.

1919-ж. түзүлгөн. Анын акционери тышкы соода боюнча эсеп-кысап жүргүзгөн сов. кооперация коомдору болгон. Банк акционери катары мамл. уюмдар (СССР мамл. банкы, СССР тышкы соода банкы ж. б.) катышат.

Москва эл банкы соц. өлкөлөрдүн чет өлкөлөрдөгү банктары, Улуу Британиянын ж. б. капит. мамлекеттердин банктары менен иш жүргүзөт. Алардын ортосундагы соода ишинде кредиттөөнү жана эсептешүүнү, ошондой эле соодадан тышкары апрым операцияны аткарат. Ал өнүгүп жаткан бир катар өлкөлөрдүн банктары менен активдүү иштөөдө. Бей­рут менен Сингапур шаарларында бөлүмү бар.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.