Мохаммед Реза Пехлеви (26. 10. 1919, Иран, Тегеран – 27. 6. 1980, Египет, Каир) – Ирандын акыркы шахы (1941–79). 1925–30-жылы Персия кадет корпусунда, кийин Швейцариядагы Institut Le Rosey мектеп-пансионунда, 1936– 38-жылы Тегерандагы офицердик окуу жайында окуган. 1941-жылы англис тилинде жана советтик аскер күчтөрү Иранды оккупациялап, Мохаммед Реза Пехлевинин атасы Реза Пехлеви тактан кетип, сүргүнгө айдалганда, Мохаммед Реза Пехлеви Ирандын шахиншахы деп жарыяланган. Өзүнүн өкмөтү менен бирге Улуу Британия жана СССР менен достук мамиле түзөрүн билдирип, 1942-жылы алар менен союздук келишимге кол койгон. 1943-жылы 9-сентябрда шах өзүнүн жарлыгы менен Германияга согуш жарыялаган. 1953-жылы шах премьер-министр Мосаддыкты кетирип, бийликти толугу менен өз колуна алган. 1955-жылы Ирандын Багдад пактысына (СЕНТО) кошулгандыгы жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Шах Перс булуңундагы монархияларды колдоп турган. Йемендеги жарандык согуштун учурунда (1962–70) монархисттерге, 1973-жылы Оман өлкөсүнө жардам көрсөткөн. СССР менен достук мамиледе болгон. 1956-, 1965жана 1972-жылдары Мохаммед Реза Пехлеви СССРге келип кеткен. 1963-, 1966жана 1972-жылы Иран менен СССРдин ортосунда экономикалыкжана техникалык чөйрөдө кызматташуулар боюнча келишимдер түзүлгөн. 1973-жылы шахтын буйругу менен Иранда авторитардык бир партиялуу режим киргизилген. 1979-жылы Ислам Иран революциясынан (1979) кийин Ирандан куулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү