Каир (араб. القاهرة, al-Qāhira — «жеңиштүү») - Мысыр/Египеттин борбору жана Африка менен Араб дүйнөсүнүн эң ири шаары. Египеттегилер аны көбүнчө مصر Маср деп аташат.

Отурукташкан жай
Каир
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Египет
Координаттар 30°03′22″ с. ш. 31°14′22″ в. д.HGЯO
Башчысы Абдул Азим Вазир
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 214 км²
Борборунун бийиктиги 68 м
Убакыт аралыгы UTC+2
Калкы
Калкы 8 026 454[1] адам (2009)
Жыштыгы 36 143 адам/км²
Агломерация 17 856 000
Диний курамы ислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +202
Расмий сайты http://www.cairo.gov.eg  (ар.)
Каир (Мысыр)

Калкы - 2009-жылдын маалыматы боюнча шаардын өзүндө 8 026 454 жана шаардык агломерациясында 17 856 000 киши.

Аль-Азхар мечити.
Ыйык Мария чиркөөсү.

Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира жана Рода аралын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/4и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен.

Каирди 969-ж. Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973-1171-ж. Фатимид халифатынын, Айюбилердин (1171-1250), мамлюктардын (1250-1517) мезгилинде Каир ири соода кол өнөрчүлүктүн очогу. 1517-ж. шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804-05-ж. мамлюктар менен түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1882-ж. англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анклавга айланган. 1914-22-ж. Британия протектаратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королдугунун, 1953-58-жылдары Египет Республикасынын, 1958-71-жылдары Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиденциясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын экономикасынын негизин жеңил өнөр-жайменен туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химиялык, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жасоо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академиясы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам исквосу), консерватория (1959-ж. негизделген), театрлар (анын ичиндеопера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичиндеРим (Вавилон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-ж. чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгилинин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмегине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү