МраморныйЧүй обл-нун Аламүдүн районундагы кыштак. Ала-Арча айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 534 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 37 км түндүк тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинин 38 км. Калкы 1746 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Тамактануучу жана соода жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү