Музооке Жаманкара уулу
Музооке Жаманкара уулу (1800, Ак-Талаа району – 1878) – белгилүү ырчы. Музооке эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап “мен ырчы кылам” деп, талашып ашка жолтоо болушат. Аштын ээси Музоокени өлөсөлүү сабатып, бир жесир кемпирдин үйүнө таштап коёт. КРУИАнын Кол жазмалар фондундагы маалыматта Музоокени Чүй жергесине атактуу Бошкой аксакал чакырып, бир айча ырдатып жүрүп, кетеринде “үч тогуз” (27 жылкы), олжо бутасы менен бутунан башына чейин бир сыйра кийинтип, эки жигитин кошуп жөнөтөт. Алар Музоокени Шамшынын белин ашырып коюшат. Жолдон аны Ысман дегендин жигиттери карактап, баарын олжолоп, Музоокени оор жарадар кылып, өлтүрүп салгыла деп, байбичелерге табыштайт. Ошондогу Музоокенин ыры:
Айбалта тийген башымдан корком,
Атала кылган ашыңдан корком.
Чий боорсок сайган шишиңден корком,
Чын калыс кылбас ишиңден корком.
Чогулган кемпир, кимиңден корком,
Тээтиги жеңе, сүрүңдөн корком.
Сүйлөй албай, тилимден корком...
Байбичелер Музоокенин өнөрлүү, тегин адам эмес экенин биле коюшуп, дарылап таңышып, аман-эсен качырып жиберишет. Бул кабар Бошкойго жетип, ал таланган олжолорун өндүрүп берип, Музооке ошону менен үйлөнүп-жайланат. Музоокенин мураска калган ыры жалгыз гана “Сары Өзөн”. Ырда көрүнүп тургандай жер көрүнүшү абдан кынаптала кынтыксыз сыпатталган. Бул ырда ушул күндө “Кыз-күйөө” деп аталып жүргөн жер жөнүндөгү уламыш да кошо баяндалат. Музоокенин Каспайыр, Коңур күз, Керме тоо, Үн алыш, Кызыл жүз, Күкүк м-н Зейнеп, Муңдуу күүгө окшогон ондогон залкар күүлөрү болгон. Т. Саманчин “Музооке Арстанбек ырчы менен айтыша кетип, ырдан жеңилип, күүдөн жеңип кетет. Экөө шилекей алышкан дос болгон” деп жазган. Кыскасы, Музооке “булбул” аттыккан ири ырчы, чоң комузчу болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004