Мукур, Утур — Аксы районундагы суу. Кара-Суунун ири оң куймасы. Узундугу 34 км, алабынын аянты 297 км2. Чаткал тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай, Итагар куймасынын чатынан баштап жазы өрөөн менен агат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 4503 м. Куралуу облусуна кирет. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим, Байкашка, Терек жана башка кыштактары оруналган.

Мукур
Мүнөздөмө
Узундугу 34 км
бассейндин аянты 297 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Аксы району

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2