Муратбаев Бакыт Бакасович
Муратбаев
Жалпы маалымат | |
Аты-жөнү:Муратбаев Бакыт | |
Туулган жылы: 1966-жылдын 3-июль | |
Туулган жери: Ош областынын, Өзгөн району | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Педагогика | |
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Педагогика жана дене тарбия факультети | |
Илимий даражасы :Педагогика илимдеринин кандидаты (2007) | |
Илимий наамы: доцент |
Кыскача өмүр таржымалы
түзөтүүБалалыгы
түзөтүүМуратбаев Бакыт Бакасович 1966-жылдын 3-июль айында Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында кыргыз улутундагы үй-бүлөдө төрөлгөн. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын эң кичүүсү.
Жетилген курагы
түзөтүүМектепти мыкты аяктаган соң 1983-жылы билимин жогорулатуу учун ОМПИнун педагогика факультетине тапшырып, 1987-жылы аяктаган. 1987-жылдан тартып 1989-жылга чейин озгон районуна караштуу №18- Ийри-Суу атындагы 8 жылдык мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мугалими, ал эми 1991-жылы ОМПИнун ЭТФ кафедрасынын улук лаборанты, ошол эле жылдын сентябрь айынан тарта Ош Мамлекеттик университетинин БББПП кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген. 1994-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнин юридика факультетине тапшырып 1996-жылы аяктап экинчи кесиптин ээси болгон.
Эмгек жылдары
түзөтүү1997-1998-жылдары кыргызстан эл аралык университетинин Оштогу филиалынын админстративдик-чарбалык иштери боюнча директордкн орун басары болуп эмгектенген. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Оштогу филиалынын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1999-жылдан баштап ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин БББПП кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти. 2006-жылы ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканынын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылдан тарта ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы болуп эмгектенүүдө.
Үй-бүлөсү
түзөтүүСыйлыктары
түзөтүү- МУКтун Оштогу филиалынын "Ардак грамотасы" (1998-жыл).
- ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин "Ардак грамотасы" (2005-жыл).
- ОшМУнун "Ардак грамотасы" (2008-жыл).
- Кыргыз Республикасынын президентинин "Ыраазычылык каты".
- "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси (2009-жыл).
- ОшМУнун "Ардак грамотасы" (2014-жыл).
Эмгектери (макала)
түзөтүү- Содержание и структура профессиональной готовности учителя к трудовому воспитанию младших школьников на традициях народной педагогики. - Бишкек: КИО,1997
- Идеи трудового воспитания в кыргызских пословицах и поговорках. - Бишкек: КИО, 1998.
- Народная педагогика в профессиональной подготовке будущих учителей начальных классов. - Известия вузов. - Бишкек, 2004.
- Подготовка студентов к трудовому воспитанию младших школьников средствами этнопедагогики. - Вестник ОшГУ. - Ош, 2004.
- Трудовое воспитание младших школьников на народных традициях. - Вестник КНУ им. Ж.Баласагына: - Бишкек, 2004.
- Формирование у будущих учителей готовности к трудовому воспитанию младших школьников средствами кыргызской этнопедагогики. - Высшая школа Казахстана. Алма-Ата, 2004.
- Кыргыз элинин фольклорунда эмгек жана эмгекке тарбиялоо маселелеринин чагылдырылышы. - Вестник ОшГУ. - ОШ, 2006.
- Төкмө акындар эмгек тарбиясы жөнүндө. - Вестник ОшГУ. - Ош, 2006.
- Эмгек - элдик тарбиянын изги каражаты. - Вестник ОшГУ. - ОШ, 2006.
- Элдик педагогиканын негизги каражаттары болгон макал-лакаптарда, жаңылмачтарда жана табышмактарда эмгек тарбиясынын чагылышы. - ОшМУнун Жарчысы. - Ош,2010.
- Адабий окууну окутуунун методикасы боюнча түзүлгөн курстук иштердин темалары жана аны аткаруу боюнча методикалык сунуштар. - Ош: "Билим" редакциялык басма борбору, 2010.
- Этнопедагогизация учебно-воспитательной работы начальной школы (окуу усулдук колдонмо). - Ош: "Билим" редакциялык басма борбору, 2011.
- Кыргыз этнопедагогикасынын каражаттары аркылуу кенже мектеп окуучуларын эмгекке тарбиялоого болочок мугалимдердмн даярдыгын калыптандыруу. - ОшМУ, Ош 2014.
Илимий даражасы
түзөтүүПедагогика илимдеринин кандидаты, доцент.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|