Мурсаш сериясы
Мурсаш сериясы - Ортоңку Тянь- Шандагы байыркы тоо тек катмарлары.
Сары-Жаздан Чоң-Кара-Тоо кыркаларына чейинки аймакта кеңири таралган. 1967-ж. геолог К. Сагындков геология серия катары бөлүп, Талас Ала-Тоосундагы Мурсаш өрөөнүнүн аты менен атаган. Мурсаш сериясынын асты жайсаңтөр, ортосу корумтөр, үстү кураматор аттуу геологиялык свиталардан турат. Мурсаш сериясы палеоэкватордук шартта (рифей, венд) пайда болгон. Орто калыңдыгы 500 м. Астыңкы жанa үстүңкү свиталарда чөкмө жанa жанар тоо, ортосунда чөкмө тектер жайгашкан. Мурсаш сериясынан темир, марганец, алюминий ж. б. рудаларды издөөгө болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.