Мушкетов Иван Васильевич

Мушкетов Иван Васильевич (1850, азыркы Волгоград облусу, Алексеев станциясы –1902, Петербург) – орус геологу жана географы. 1872-жылы Петербургдагы тоо институтун бүткөн. 1874–80-жылдары Теңир-Тоого жана Сырдарыя өрөөнүнө саякат жасап, бир катар кендерди тапкан жана 2 томдон турган «Түркстан» деген эмгегин жараткан. Мушкетов өзүнүн жеке байкоолорунун, изилдөөлөрүнүн эле жыйынтыгын бербестен, Түркстанды изилдеген башка окумуштуулардын эмгектерин да пайдаланган. М.ушкетов Теңир-Тоону изилдеген алгачкы геологдордун бири. Теңир-Тоо менен Памир-Алайдын тоолуу аймактарындагы мөңгүлөрдү, тоо арасындагы өрөөндөрдү изилдеген, кендердин жайгашкан ордун аныктаган, минералдардан, тоо тектерден, таш болуп катып калган заттардан коллекция жыйнаган. 1879-жылы Чатыркөлгө саякат жасап, немис окумуштуулары А.Гумбольд менен Ф. Рихтфогендин Теңир-Тоодо жанар тоолор бар деген жалган теориясын төгүндөгөн. Теңир-Тоонун сейсмикасын изилдөө боюнча да көп эмгектенген. 1877–79-жылдары Т. Д. Романовский менен бирге Түркстандын биринчи геологиялык картасын түзгөн. Сибирдеги, Орто Азиядагы географиялык объектилер Мушкетовдун ысымы менен аталган. Кыргызстанда Сарыжазда Мушкетов мөңгүсү бар.

Иван Васильевич Мушкетов
Туулган жылы:

9 -январь 1850(1850-01-09)

Туулган жери:

Волгоград областы Орусия

Каза болгон жылы:

23 -сентябрь 1902(1902-09-23) (52 жаш)

Каза болгон жери:

Санкт-Петербург Орусия

Өлкө:

Орусия империясынын желегиОрусия желеги Орусия

Илимий чөйрөсү:

белгилүү орус геологу, географ жана саякатчы, Орто Азия аймагын изилдөөчүсү болгон

Иштеген жери:

Петербург тоо-кен институту

Илимий наамы:

профессор

Эмгектери түзөтүү

  • Мушкетов И. В. Путешествие на Алтай и Памир в 1877 году.
  • Мушкетов И. В. Туркестан. Геологическое и орографическое описание по данным, собранным в путешествиях с 1874 по 1881.
  • Мушкетов И. В. Собрание сочинений. 2 выпуска. Спб., 1910—1912. Выпуск 1. 1872—1882.
  • Мушкетов И. В. Физическая геология. 2 т. 1888—1891.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015

Шилтемелер түзөтүү