Назаралиев, Медербек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Назаралиев, Медербек
Туулган жылы: 1934-жыл
Туулган жери: Орто-Кайырма айылы, (Сары-Булак) айылдык кеңеши, Калинин району, Фрунзе облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1999-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Сөөгү: Чоң-Арык айылынын көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр режиссеру
Наамдары: Кыргыз ССРинин эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1958-1994-жылдар
Театр: Тянь-Шань облустук музыкалуу драма театры, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры, Нарын облустук музыкалуу драма театры, Ысык-Көл обулустук драма театры

Назаралиев, Медербектеатр режиссеру.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы түзөтүү

Медербек Назаралиев мурдагы Калинин азыркы Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы орто мектепти бүтүргөн соң, 1952-жылы Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы театр өнөрү институтунун актердук бөлүмүнө окууга өтөт.
Бирок артисттик өнөргө караганда режиссердук ышкысы бар жаш студентти мугалимдери режиссердук бөлүмгө которулуусуна сунуш этишет.
Ошентип М.Назаралиев иниститтута алты жыл билим алып, режиссердук бөлүмдү бүтүрүп чыгат.
Институтту 1958-жылы аяктап келип, кайрадан уюшулган Тянь-Шань облустук [[музыка] ]луу драма театрына (азыркы Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театры) башкы режиссер болуп дайындалат.
Аталган театрда төрт жылча эмгектенген соң, таланттуу жаш режиссерду Кыргыз ССРинин маданият министрлиги Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз мамлекеттик драма театрына которот.
Ушул театрга келгенден тартып М.Назаралиевдин чыгармачылык таланты өзгөчө көрүнүп, кыргыз театрынын тарыхына кашкайып кирген бир нече классикалык спектаклдерди жаратат.
Алар: Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт”, М.Байжиевдин “Балдар бойго жеткенде”, Акылдан азап” (А.Грибоедов), Б.Жакиевдин “Алтын аяк”, М.Каорунун “Уурдалган өмүр”, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу”, М.Тойбаевдин “Жаңы келин”, Ж.Садыковдун “Жукеев-Пудовкин” сыяктуу чыгармаларынын негизинде коюлган атактуу спектаклдер.
Аты аталган бул спектаклдер жалпы кыргыз театрынын 1960-жылдардагы өсүп-өнүгүүсүн айгинелеген, улуттук маданиятка көркөм окуя катары киришкен чыгармалар.
Айрыкча М.Назаралиевдин ”Абийир кечирбейт”, “Акылдан азап”, “Саманчынын жолу” спектаклдери кыргыз маданиятынын хорестоматиясына айланган, улуттук сахна өнөрүнүн бийиктигин аныктаган, өз доорундагы, өз мезгилиндеги легендарлуу оюндар болгон.
Аталган оюндар ошол учурунда Д.Күйүкова, А.Өмүралиев сыяктуу артисттерге болуп көрбөгөндөй атак алып келген.
1965-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз мамилекеттик драма театрынын чыгармачылык отчетуна кирген төрт чыгарманын экөө М.Назаралиевдин ”Абийир кечирбейт”, “Саманчынын жолу” спектаклдери эле. Ушул отчеттон соң, “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын ролун аткарган Д.Күйүкова СССРдин эл артисти деген, ошол кездеги Советтер Союзунун эң жогорку наамына арзыгын.
Тилекке каршы М.Назаралиедин 1960-жылдары кыргыз театрында жараткан кайталангыс ийгиликтери көрө албастыктын, көптөгөн интригалардын жана чыгармачылыкка тиешеси жок ар кандай шылтоолордун айынан тийиштүү баасын ала албай, режиссер 1971-жылы кайрадан Нарын музыкалуу драма театрына кетүүгө аргасыз болот.
Бирок, режиссер чүнчүп турганына карабай, бул театрда 1973-жылы атагы далайга кеткен “Отелло” (авт.В.Шекспир) спектаклин жаратат.
Бирок, чыгармчылык депрессияга учураган М. Назаралиев 1970-жылдардын капортосунан тартып бир нече мезгилге чейин чыгармачылык паузага дуушар болгон.
Режиссердун чыгармачылык эргүүсү кайрадан келген мезгил – 1985-жылдан тартып Ысык-Көл облусттук драма театрында иштей баштаган учуру.
Айрыкча, М.Назаралиевдин “Машырбек үйлөнөт” (авт.Т.Абдумомунов) комедиясы жаш коллективге нукура чыгармачылык ийгилик алып келген.
Албетте, бул театрда М.Назарлиев Кыргыз мамлекеттик драма театрындагы ийгилигин кайталай албаса дагы, жаңыдан уюшулган жаш коллективдин чыгармачылык жактан жетилүүсүнө, сахна чеберчиилигинин өсүүсүнө, аябагандай зор салым кошкон.
М.Назаралиев чыгармачылык өмүрүнүн ичинде кыргыз театр режиссерлорунун ичинен эң көп (60 тан ашык) жана легендарлуу спектаклдерди койгон режиссер. Бекеринен Ч.Айтматов “Саманчынын жолун” көргөн соң “Наконец-то родился киргизский режиссер” деп айтпса керек...

Койгон спектаклдери түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чуй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.

Интернет шилтемелер түзөтүү