Назира (арапча – "окшош нерсе") – Чыгыш адабиятында кеңири тараган жанр.

Назира жанрынын келип чыгышы жана өзгөчөлүгү түзөтүү

Мында акын өзүнөн мурда өткөн же замандаш акындардын чыгармаларына окшотуп же ошолорго жооп кылып чыгармалар жазган.

Мындай чыгармаларда автор белгилүү бир акындын чыгармачылыгына жакындашып, өзүнүн темасын байытып, жаңы проблемаларды жана идеяларды жаратууга аракеттенген. Мисалы, Низаминин “Искендер-нааме” поэмасы, Фирдоусинин “Шахнааме” дастаны, А. НавоининЛайли менен Мажнун” поэмасы араб оозеки адабиятындагы чыгармаларга назира катары жазылган.

Мындай чыгармалык көрүнүш кыргыз адабиятында да учурайт (мисалы, акындар поэзиясындагы акыр заман, аккан суу темалары, К. Мамбетакуновдун 12-кылымдагы кытай повестинин негизинде жазган “Гүлперидастаны ж. б.)
.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Бишкек, 2004.