НараЭритреянын түштүк-батышында жашаган эл.
Саны 108 миң адам. Эритреянын калктын 1,5% түзөт.
Төрт топко бөлүнөт: хигир, могуреб, койта и сантора.

Нара

Арстан менен нара мергенчиси
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 108 миң адам
 Эритрея

Тили

нара, араб

Дини

Ислам (сүннөттөр),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери (анимизм)

Расалык тиби

эфиоп

Этноним

Нара этнониминин мааниси «асман», «көк» дегенди билдирет.
Дагы бир аты «барья/бареа». Ал кемсинткен аталыш амхара тилинен «кул» деп которулат.

Тил

Нара — обочолонгон тил катары Нил-сахара макробүлөсүнүн курамына кирет.
Ошондой эле араб жана тигре тилдери кеңири таралган.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар.
Жергиликтүү салттуу ишенимдер (анимизм) да сакталууда.
Аз сандуу христиандар бар.

Чарбалык иштер

Айыл чарба менен алектенишет. Судан менен чек араны бойлото, Барка түздүгүнүн батыш бөлүгүндө жашашат.

Коом

Коомдук уюмду кландар жана жамааттар түзөт. Туугандык эсеп — аталык.
Жер кланга тиешелүү жана кландын ичинде үй-бүлөлөргө бөлүнөт.

Тарых

Нара уруулары Жогорку Нил аймагынан көчүп келип, жергиликтүү пигмей калкы менен баш кошкон Эритреядагы алгачкы нил-сахаралык отурукташкандардын урпактары.
19-кылымда египеттик оккупациясынан кийин нара элинин көпчүлүгү Ислам динин кабыл алышкан.

Булактар түзөтүү