Нарын заказниги - Нарын дарыянын жогорку жагында. 1958-ж. мамлекеттик аңчылык заказниги катары уюштурулган.

Деңиз деңг. 2400—3500 м бийикте. Аянты 40 миң га. Негизинен марал жана тоо эчки, аркар, элик, аюу, илбирс, суусар, тыйын чычкан, суур, хашкулак жана башкаларды коргоо максатын квздойт. Кийинчерээк доңуз коё берилип, тоо шартына байырлашып, саны бир кыйла көбөйдү. Заказникте карагай, ит мурун, карагат, четин, кайыц, зарац, арча ж. б. осет. Канаттуулардан улар, кекилик, чил, өрдөк ж. б. учурайт. Заказникти жакшыртуу максатында ар кандай биотех. чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын башка аймагында кездешпөөчү ма­рал бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.