Неаполь королдугу
Неаполь королдугу —
1) Сицилия королдугу кулагандан кийин 1282-ж. Түш. Италияда түзүлгон мамлекет (борбору — Неаполь ш.). 1442- жылга чейин Анжу династиясынын королдору сураган. Алардын тушунда феод, түзүлүшү чыңалып, феодалдар кыйла саясий укуктарга ээ болгон. Неаполь королдугу 1442-ж. арагон королу Альфонс V каратып, аны Сицилия менен бириктирген да «кош Сицилия королу» (Альфонс I) наамын алган. 1458-ж. ал өлгөндөн кийин Неаполь королдугу Сицилиядан бөлүнүп кеткен. Италия согуштарынын (1494—1559) жүрүшүндө Неаполь королдугу Испания ээлигине айланып (1504), кош Сицилия королдугун түзгөн.
2) 1806—15-ж. франц. аскерлер оккупациялап турган кезде — Сицилия королдугунун кургактык бөлүгүндөгү көз каранды (Францияга) италян мамлекети.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.