Нейрохимия нерв система­сынын биохимиясы — медицинанын нерв тканынын хим. составын жанa андагы зат алмашуунун өзгөчөлүгүн изилдөөчү тармагы.

Нейрохимия атайын ультрамикрохим. жана башка методду колдонот. Ал синапстар менен медиаторлордун жанa нейротрофикалык таасирлердин биохим. негизин, нерв системасынын метаболизмине кан менен кошо келген гормон ж. б. агенттердин, о. эле түрдүү дарылардын таасирин изилдейт.

Функциялык Нейрохимия козголуу, тормоздоо, уйку, эс ж. б-лардын биохимиясын изилдөөдө нерв системасындагы био­хим. жанa физиол. процесстердин байланышын ачып көрсөтөт. Нейрохимиянын жетишкендиктери нейрофармакология. невропатология жанa психиатриянын практикалык суроолорун чечүүдө мааниси чоң.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.