Нейтрон спектроскопиясы

Нейтрон спектроскопиясы - яд­ролук физиканын нейтрондордун атом ядролору менен өз ара аракеттенпшинин эффективдүү туурасынан кесилишинин нейтрондун энергиясына көз карандылыгын изилдөөчү бөлүмү.

Белгилүү энергиядагы нейтрон­дордун тандалып (резонанстык) жутулушун 1934-ж. Э. Ферми жана анын кызматташтары биринчи жолу байкаган. Нейтрондорду өзүнө кошуп алгандан тартып ядро өтө дүүлүккөн абалга өтөт да өзүнчө болуу убактысы 10-15 секта чепин болот. Ядро ре­зонанстык абалдан туруктуу абалга нейтрондорду (резонанстык чачыроо) же ү-квантты болуп чыгаруу жолу менен өтөт. Сейрек учурларда ядродон а-бөлүкчөсү же протон бөлүнүп чыгат. Кээ бир оор ядролор (U, Ри ж. б.) дүүлүгүү учурунда эки, кээде үч бөлүкчөгө бөлүнүп кетет. Нейтрон спектроскопиясынын эксперименттик методдору турдуу жолдор менен монохром нейтрон­дорду алуу жана өз ара аракеттенүүнүн эффективдуу кесилишин өлчөөдөн турат.

Нейтрон спектроскопиясында колдонулган приборлор нейтрондун спектрометрлер деп аталат. Нейтрон спектроскопиясы ядролук физикада, реактордук курууда зор мааниге ээ. Материалды бузбастан элементти жана анын изотоптук составын аныктаган активациялык анализде Нейтрон спектроскопиясы кеңири колдонулат. Астрофизикада Аа тамда элементтердин таралышын түшүндүрүүгө жардам берет. Нейтрон спектроскопиясы методдору катуу, суюк заттардын структурасын изилдөөдө да колдону­лат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.