Неондуу лампа - төмөнкү басымдагы газ разряддуу жарык булагы; мында Электр разряды кезинде неондуу чөйрөдө оптикалык диапазондогу нурлануу пайда болот. Бүлбүлдөө разряддуу сигналдык Неондуу лампа кеңири белгилүү, мында катод айланасындагы кызгылт, сары-кызгылт жарык пайдаланылат.

Лампага неон-гелий аралашмасы толтурулат. Тутандыргыч чыңалууну төмөндотүү үчүн газ аралашмасына бир аз аргон кошулуп, катоддун бетине активдүү заттын жука катмары сүйкөлөт. Лампа ту­руктуу жанa өзгөрмө ток менен иштейт кубаттуулугу 0,01—10 вт, жарык агымы 0,02—5 лм, жарык кыла турган ток күчү жадин үлүшүнөн 20—30 мата чейин. Неондуу лампа аэродром маягында, сигнал, кооздук, реклама жарыктарыкда ж. б-да колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.