Нефросклероз
Нефросклероз (нефроз жана склероз) — гипертония оорусунун акыркы стадиясында туташтырма ткандын жайылып өсүшү менен мүнөздөлгөн жана уремияга учураткан бөйрөктүн берчтенип бузулушу.
Ал бөйрөк кан тамырларынын бузулушунан жана сезгенүүдөн пайда болот. Нефросклерозго нефрит, атеросклероз, пиелонефрит, бойрок туберкулёзу жана таш оорусу себеп болот. Гипертония оорусунда бөйрөктүн майда тамырларынын капталы калыпданып, чириши Нефросклерозго алып келет. Абдан өтүшүп кеткен Нефросклероздо бөйрөк кичирейет, бети бодурайып, чүрүшүп калат. Нефросклероздун негизги белгилерп: заара менен кан, белок чыгуу жана зааранын салыштырма салмагынын кескпн төмөндөшү. Нефросклероздун башталышьш бөйрөктүн функциясын текшернп, радио-изотоптук методдун жардамы менен билүүгө болот.
Дарылоодо тузсуз диета, кан басымын төмөндөтүүчү жана микробго каршы дарылар, кээде хирургия жолу колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.