Николай Басков[2] (төр. 15 октябрь 1976, Балашиха, Москва облусу, РСФСР, СССР) — Орусиянын эстрада жана опера ырчысы (тенор), киноактёр, телеалпаруучу , педагог, профессор[3], Орусиянын эл артисти (2009), Украинанын эл артисти (2004), Молдавия искусство өнөрүнүн мастери (2007)[4]. «Алтын Граммофондун» он жолку алуучусу.

Николай Басков
Негизги маалымат
Толук ысымы

Басков Николай Викторович

Туулган датасы

15 -октябрь 1976(1976-10-15) (47 жаш)

Туулган жери

Балашиха, РСФСР, СССР

Өлкө

 ССРС Орусия

Кесиптери

ырчы, актёр, профессор[1]

Активдүү жылдары

2000 — азыркы учурда

Жамааты

«Чоң театр»

Кызматташтык

Таисия Повалий,
Максим Галкин,
Монсеррат Кабалье,
Оксана Фёдорова,
Наташа Ветлицкая
Катя Лель,
Алёна Апина
Руслан Квинта,
Натали

baskov.ru

Биографиясы түзөтүү

Опера жана эстрада ырчысы Николай Басков да көпчүлүк атактуу ырчылардай эле кичинекей кезинен таланттуу чыгып, сахнада, эл алдында чоңойгон. Алгачкы жолу балдар бакчасында тарбиячысы жаттаткан төрт сап ырын айтуу үчүн ата-энелердин алдына чыгаар маалда катуу сүрдөп, буттары калтыраганынан баса албай, ырын да айтпай калыптыр. Бирок, 10 жашынан тарта сахнанын коён жатагына чейин билген жаш аткаруучу болууга жетишкен. Ал эми кыздарга кат жазуу дегенди башынан өткөргөн эмес. Анткени, Николайдын кол жазмасы өтө жаман болгон. Николай аскер кызматкери менен математика мугалиминин үйбүлөсүндө туулган. Уулунун элде жок өзгөчө таза үнү бар экендигин байкашкан ата-энеси Николай 5 жашка толгондон тарта музыкалык билим берүүнү туура көрүшкөн. Аскер кызматкерлеринин жашоосу айтпаса да белгилүү эмеспи, ар бир шаарга көчүп- конуп дегендей. Бирок, ага карабастан кайсы жакка көчүп барышпасын, ата-эне баласын жаңы музыка мугалимининин колуна тапшырышкан. Ошентип, 1986-1992-жылдары Коля жаш актёрлор музыкалык театрынын курамына кошулуп, алар менен дүйнөнүн АКШ, Франция, Израиль, Швейцария сыяктуу өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Ал эми 1996-жылы Гнесин атындагы Орусия музыкалык академиясынын опера тармагына тапшырат. Бул окуусун кызыл диплом менен аяктап, кийин Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынан аспирантураны алтын медаль менен бүтүргөн. Ошол эле учурда Николай спорт менен машыгууну да унутпастан, сууда сүзүү боюнча 2-разряддагы спортчу болууга үлгүргөн. Канчалык өз талантын таптаган сайын жыйынтыгы оң чыгып, 1999-жылы “Карузонун элесине” аттуу ыры популярдуулукка жетишет. Бул чыгарма “Европа плюс” радиосу жүргүзгөн хит-параддын биринчи орунун бир нече жумалар бою эч кимге бербестен кармап турган. Миллиондогон нускада чыгарылган бул ырын камтыган Николайдын “Арноо” аттуу альбому күйөрмандар арасында талашка түшкөнү анык. Ийгиликтер биринин артынан бири баш ийип, ошол эле жылы экинчи альбому жарык көрөт. 2000-жылы чыккан “Өткөн кылымдын шедеврлери” аттуу альбому да мыкты сынчылардын “эң жакшы” деген баасына арзыган. Опера ырчыларынын тарыхына жаңылык киргизип, «эң жаш опера ырчысы» деп да аталган. Ошентип, жаңы кылым башталган жылы өз таланты менен көпчү­лүк­тү таңкалтырган Николай чыгармачылыгына чоң салым кошкон продюсери Борис Шпигель менен таанышкан. Борис Шпигель өз ишин ошол учурдагы Басковдун эң популярдуу чыгармасы “Карузонун элесине” аттуу ырына клип тарттыруу менен баштайт. Андан кийинки эл баалаган чыгармалары биринин артынан бири жарык көрө баштайт. “Жылдын мыкты ырчысы”, “Овация”, “Алтын граммофон”, “Жылдын стили” жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болууга жетишет. Мындай ийгиликтерге жетишүүсүнө продюсеринин эмгеги чоң экендигин ырчы жашырбай айтып келет.

Жеке жашоосу түзөтүү

  • Николай үчүн Шпигелдин пайдасы чыгармачылыгында гана эмес, жеке турмушунда да чоң мааниге ээ. Анткени, Николай өз продюсеринин кызына баш кошкон.

Жаш, таланттуу, сулуу жүздүү, атактуу ырчы жигит бир күнү өз продюсеринин үйүн көздөй бет алат. Баарынан бейкапар эле үйдүн коңгуроосун басып, көз алдында турган татынакай кызга көзү чагылышат. Бул сулуу айым Борис Шпигелдин жападан жалгыз кызы Светлана болгон. Мына, ушул күнү, ушул саатта жана ушул жерден атактуу опера жана эстрада ырчысы Николай Басков өз сүйүүсүнө жолуккан. Андан көп узабай эле чыгармачылык иштери менен Италияга сапар тартууга туура келген. Жаңы таанышып эле жылдыздары келише түшкөн жаштар Италияга чогуу барууну пландашат. Экөө тең сүйүү отуна кабылып калгандыктарын ичтеринен туюп турса да бири-бирине даап айтуудан тартынышып, ички сезимдерин сактап турууну оң көрүшөт. Бир күнү Николай таң эртең эмнеси болсо да арзуусун билдирүүнү чечип, Светлана жаткан мейманкананын алдына туруп, сүйүүсүн серенада аркылуу билдирген. Тилекке каршы, ал учурда Света катуу уктап жаткандыктан, серенаданын акыркы гана бир сабын угууга жетишкен. Ушундан тарта мамилелери жакындашып, кыз-жигит катары бир жыл сүйлө­шүп жүргөн­дөн кийин гана баш кошууга бел байлашат.

  • 2001-жылы бир канча атактуу адамдардын курчоосунда эки жаштын дүңгүрөгөн үйлөнүү тою болуп өткөн.

Үйбүлөлүү болсо да өз карьерасы үчүн баарына даяр экендигин билгизип, жубайы экөө балалуу болуу кубанычын кийинки убактарга калтыра турууну чечишет. Кээде “балалуу болууга өзүмдөн балалык сезим кеткенде гана камынам” деген билдирүүлөрүн айтып келген.

  • 2006-жылдын 24 апрелинде Бронислав аттуу уулдуу болушкан. Николайдын жубайы Светлана үйбүлөсүнүн жалгыз кызы болгондуктан, уулуна Басков-Шпигель деген фамилия беришкен. Ал эми жалгыз кызын ата-энесинен ажыратууну туура көрбөгөндүктөн, Николай кайнаталары менен чогуу жашаган.

Андан эч канча убакыт өтпөй “Басков кайрадан бойдок” деген ушактар басма сөз маалыматтарында жайнап кетет. Тилекке каршы, жубайлар бул сөздөр ачуу чындык экенин далилдешип, экөө тең «ажырашуу керек» деп чечишкенин жарыялашкан.

  • 2007 жылдын Ноябрда — Светлана менен ажыратуу керектигин айтат
  • 2008 жылдын майында  — Расмий түрдө ажрашып бүтөт.
  • 2014 жылдан бери София Калилова менен жолугушуп жүрөт.

Чыгармачылык карьерасы түзөтүү

Николай Басков “Мен 25 жаштамын”, “Кош бол деп айтпа”, Таисия Павалий менен биргеликте “Мени коё бер” жана “Мыкты ырлар” аттуу альбомдорун жаратышкан. “Золушка”, “Кар ханышасы” жомокторунда роль жаратып, актёрлук кесипке алгачкы кадамын таштаган.

Сыйлыктары жана Наамдары түзөтүү

  • “Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти”
  • “Украинанын Эл артисти”
  • “Орусиянын алтын үнү”

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. МГГУ ат. М.А.Шолохова Басков Николай Викторович, РФ Эл артисти (2009), Вокал кафедрасынын профессору МГГУ им. М.А. Шолохова.
  2. МЕНИН ЧЫНЫГЫ ФАМИЛИЯМ БАСКОВ ЭМЕС...
  3. МГГУ им. М. А. Шолохова Басков Николай Викторович,РФ Эл артисти (2009), Вокал кафедрасынын профессору МГГУ им. М.А. Шолохова.
  4. Молдавия Республикасынын президентинин токтому № 1103 от 27.04.2007

Шилтемелер түзөтүү