Канури тили
Канури эли сүйлөгөн диалект континууму. Канури мурда бир тил катары каралса, азыр бири-бирин салыштырмалуу түшүнө алган тилдердин тобу катары каралууда.
Расмий аталышы: |
Канури |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
4 млн |
Классификациясы | |
Түрмөгү: |
Африка тилдери |
| |
Жазылышы: |
латын алфавити |
Тилдер коду | |
ГОСТ 7.75–97: |
кау 267 |
ISO 639-1: |
[[1]] |
ISO 639-2: |
[[2]] |
ISO 639-3: |
[[3]] |
Тарыхы
түзөтүүКанури тили Канембу жана Борну империяларынын тили болгон деп эсептелет. Ал лингва франка катары колдонулган. Европалык колонизаторлордун келиши менен тил өз позициясын жогото баштады.
Колдонуу
түзөтүүНигериянын Борно штатында канури тили мектепте билим берүү системасында, жергиликтүү администрациянын ишмердүүлүгүндө колдонулат, радио жана телеберүүлөр жүргүзүлөт, мезгилдүү басылмалар чыгарылат.
Диалектери
түзөтүүКанури төмөнкү диалектилерге бөлүнөт, бирок айрым лингвисттер аларды өзүнчө тил катары карашат:
- Борбордук канури
- Манга-канури
- Тумари-канури
- Билма-канури
- Канембу (өзүнчө тил катары каралат)
Грамматикасы
түзөтүүКадимки сөз тартиби — SOV. Типологиялык жактан тилде постпозитивдүү да, препозитивдүү да аныктамалар кеңири таралган. Тилде үч тон айырмаланат: бийик, төмөн, ылдый. Номиналдуу аффикстердин бай системасы бар, курама аталыштар кеңири таралган. Тилде үнсүздөрдүн ассимиляциясы өтө өнүккөн, мисалы: sa - «алар»+ - buna' «жешти»>za-wuna «алар жешти».
Жазуу
түзөтүү16-кылымдан баштап араб алфавитинин африкалык версиясы («аджами») негизинен диний же соттук максаттар үчүн колдонулган.
Латын алфавитинин негизинде жазуу акыркы мезгилдерден бери колдонула баштады.
Канури үчүн латын алфавити: А a, В b, С c, D d, E e, Ǝ ǝ, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, M m, N n, Ny ny, O o, P p, R r, Ɍ ɍ, S s, Sh sh, T t, U u, W w, Y y, Z z.