Ниобий куймалары - негизи нио­бий болгон куймалар. Ниобийге мо­либден, вольфрам, цирконий, титан, ванадий кошумчаланат.

Техниканын жацы тармактарында 1000°Сден жог. темп-рада иштөөгө чыдамдуу материалдардын зарылчылыгынан 20-кылымдын 50-жылдарынын башында биринчи Ниобий куймалары пайда болду. Ниобий куймалары өтө жог. ысыкка бекем, технологиялуу, бир нече агрессивдүү чөйрөдө коррозияга туруктуу ж. б. касиеттерге ээ; кээ бир Ниобий куймалары өтө өткөргүчтүү.

Ниобий куймаларынын ысык­ка чыдамдуулугу томен; жог. температурада узак убакыт иштеши үчүн сактагыч жука металл катмар менен капталат. Ниобий куймалары ядро энергетикасында, хим. өнөр жайында кеңири колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.