Нубия чөлү - Африкада, басымдуу бөлүгү Судандын аймагында. Нил дарыясы менен Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Деңизден Этбай кырка тоосу бөлүп турат. Чыгыштан-батышка (1000 мден 350 мге чейин) тектирленип төмөндөгөн плато. Бийиктиги 1240 мге жеткен калдык тоолор бар. Кургак нуктар көп кездешет. Жылдык жаан-чачыны 25 ммдей. Ксерофит дан өсүмдүктөрү, бадалдар басымдуу. Мал чарбасы өнүккөн. Нубия чөлү аркылуу Нил дарыясынынбоюндагы Вади-Хальфа жана Абу-Хамед шаарынын байланыштырган темир жол жана автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү