Нылды, суу - Чырканакты, Распай – Карабуура районундагы суу, Талас дарыясынын оң куймасы. Узундугу 35 км, аянты 281 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түштүк капталынан башталат. Куралуу аянтынын орточо бийиктиги 2490 м. Жалпы уздугу 108 км келген 30 куймасы бар. Ирилери: Утур (11 км), Коргонташ (11 км), Ачыкташ (14 км). Кар (90 %), жамгыр (10 %) сууларынан куралат. Март–август айларында суусу ки рет, сен тяб рь – ап релд е тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,79 м3/сек, суусу мол май айыныкы 2,58 м3/сек, суусу тартыш январь – февралда 0,25 м3/сек, эң көпч ыгымы 14,3 м3/сек. Айрым жылдары январь, июль, август айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Нарындан 2,33 м3/сек суу өткөрүүчү 6 канал башталат. Боюнда Нылды кыштагы жайгашкан.

Нылды
Мүнөздөмө
Узундугу 35 км
бассейндин аянты 281 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Талас облусу
Район Кара-Буура району

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү