Нётер теоремасыфизикалык тутумдун симметриялык касиеттери менен сакталуу мыйзамдарынын ортосундагы байланышты көрсөтүүчү физ. негизги теорема.

Бул теореманы 1918-жылы не­мис математиги Эмми Нётер аныктаган. Нетер теоремасынын жөнөкөй аныктамасы: эгер өзгөрмө чоңдуктарды өзгөртүп түзгөндө тутумдун физикалык касиети өзгөрбөсө, анда буга кандайдыр бир сакталуу мыйзамдар туура келет. Мисалы, Нётер теоремасына ылайык, энергиянын сакта­луу мыйзамы убакыттын бирдейлигинин натыйжасы болот, б. а. тутумдун кыймыл мыйзамы убакытты эсептөөнү баштоонун тутумдун тандалып алынышына көз карандылыгын көрсөтөт.

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.