Окна ТАСС - Улуу Ата Мек. со­гуш жылдарында Советтер Союзунун телеграф агентствосу (ТАСС) Москвада чыгарган саясий-агит. плакат­тар.

  • «Окна ТАСС» чыгарган сүрөттөр ж-а тексттер сов. жоокерлерди, элди душманды талкалоого чакырып, сов. адамдын эрдигин, СССР элдеринин баатырдык салттарын дацазалаган. «Окна ТАССты» чыгарууга сов. сүрөтчүлөрдүн көбү (Кукрыникстер, В. В. Лебе­дев, Г. К. Савицкий ж. б.), акындар (Д. Бедный, 3. И. Лебедев-Кумач,B. Я. Маршак ж. б.) катышкан.
  • «Окна ТАСС» тибиндеги плакаттар СССР- дин башка шаарларында (Ташкен, Баку, Фрунзе, Томск, Саратов, Мур­манск, Хабаровск, Свердловск) да чыгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.