Октябрь (Алай району)
(Октябрь, Алай району барагынан багытталды)
Октябрь, Алай району, Жору Уруу – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Будалык айыл аймагына караштуу. Будалык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1960 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 101 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1000 (2008); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7