Октябрь (Алай району)
Октябрь (кырг. Октябрь) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Алай районундагы айыл. Будалык айыл округуна караштуу. Будалык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1960 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 101 км. Кыштак 1936-ж. негизделген.
Отурукташкан жай
Октябрь
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 1073 киши[1]; негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7