Деспина Олимпиу (грек. Δέσποινα Ολυμπίου, англ. Despina Olympiou 17-октябрь[1] 1975[2], Лимасол, Кипр) — киприот жана грек поп-ырчысы. Еврокөрүнүү 2013 ыр сынагындагы Кипрдин өкүлү.[3]

Деспина Олимпиу
Негизги маалымат
Толук ысымы

грек. Δέσποινα Ολυμπίου

Туулган датасы

17 -октябрь 1975(1975-10-17) (48 жаш)

Туулган жери

Лимасол, Кипр

Өлкө

Греция

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

заманбап лаика, поп-музыка

Активдүү жылдары

1992 - бүгүнкү күндөр

Биографиясы түзөтүү

Ырчылык менен бала кезинен алектенип баштаган. Фортепиано ойногонду жана музыка теориясын Лондондогу Тринити-коллежде үйрөнгөн. Кесиптүү ырчылыкты 1992-жылы Кипрде баштаган. 1994-жылы Яннис Париос менен иштешкени Афина калаасына баш баккан. Кийинчерээк алдыңкы грек музыканттары менен кызматташкан, алардын ичинде Харис Алексия, Йоргос Даларас, Михалис Хатзиянис, Манолис Лидакис, Димитрис Митропанос, Пантелис Таласинос, Костас Македонас ж.б.

Деспинанын биринчи «Των Ματιών σου η Καλημέρα» аталышы менен альбому 2000-жылы чыккан, альбомдогу ырлар Илиас Катсулистин сөздөрүнө жана Пантелис Талассиностун, Манолис Лидакистин ж.б. обонуна жазылган. 2003-жылдын жайында Михалис Хатзиянис менен бирдикте концерттер менен бүткүл Греция жана чет өлкөлөр боюнча гастролдук тур кылган. Ошол эле убакытта 25 000ден ашык нускада сатылган «'Βάλε Μουσική» синглин чыгарган.

2004-жылы Михалис Хатзиянис, Такис ​​Вурмас, Элени Зиог, Костас Валтазанистин ырларын камтыган, «Έχουμε Λόγο» деген өзүнүн экинчи альбомун чыгарган. 2005-жылы кышында «Αυτό Είναι Αγάπη» аталышындагы, Йоргос жана Александрос Пантелиастардын сөздөрүнө жана обондоруна жазылган, өзүнүн үчүнчү альбомун жараткан.

Деспина Олимпиу кийинчерээк Анна Висси, Йоргос Даларас жана Михалис Хатзиянис менен АКШ жана Канадада кызматташкан. 2007-жылдын март айында «Πες το δυνατά» деген CD синглин чыгарган, ал таасирдүү ийгилик менен коштолгон, жана камтылган ырлары төртүнчү «Μαζί — χωριστά» деген альбомго киргизилген, жарыкка чыккандан кийин ал - алтын альбом болгон.

2009-жылдын январынын башында Деспина Олимпиу Михалисом Хатзиянис менен никелешкен, бирок 2010-жылы түгөй ажырашкан[4].

Дискографиясы түзөтүү

  • «Των Ματιών σου η Καλημέρα» (2000)
  • «Βάλε μουσική» (2003)
  • «Έχουμε Λόγο» (2004)
  • «Αυτό Είναι Αγάπη» (2005)
  • «Μαζί — χωριστά» (2007)
  • «Μαζί — χωριστά» Golden Edition (2008)
  • «Μια Στιγμή» (2009)

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү