Омар (ырчы)
Омар (толук аты-жөнү Жанышов Өмүрбек Шейшенбекович - 19 ноябрь 1988, Бишкек, Кыргызстан) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу.
Омар
| |
Негизги маалымат | |
---|---|
Толук ысымы |
Жанышов Өмүрбек Шейшенбекович |
Туулган датасы |
19 -ноябрь 1988 (36 жаш) |
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Сыйлыктары |
Алла Пугачеванын“Алтын жылдыз” , 2008-жыл; |
Альма-матер | |
Super.kg: ID 185 |
Кыскача өмүр таржымалы
түзөтүүӨмүрбек Шейшенбекович Жанышов (Омар) 1988-жылы 19-ноябрьда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.
2007-жылы Бишкектеги финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн.
Техникумда маданий иш чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү”грамотасы менен сыйланган. Өмүрбек алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Ошол убактан тартып Омар чыгармачылыкта ийгиликтерди жаратып келе жатат. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.
Чыгармачылыгы
түзөтүүЫрларынын тизмеси:
- “Где ты ?”
- “Сүйүү кызыгы”
- “Tell me”
- “How long”
- “One love”
- “Мейли”
- “Жолугарым”
- “Let me be your boyfriend”
- “Жан тумарым”
- “Кош жүрөк”
- “Кош жүрөк” (remix)
- “Энекем”
- “Любовь”
- “We gonna fly in the sky”
- “Сыйлай жүр”
- “Булбулум”
- “Бриллианты слез”
- “Без тебя” (Гүлнур Сатылганова менен дуэт)
- “Кусалуу жол”
- “Кыргызстаным”
- “Бирге болом”
- “Жоопсуз сүйүү”
- “Bishkek City” (Нурбек Савитахунов менен дуэт)
- “Моя милая”
- “Таанышуу арзууга айланды”
Наамдары. Сыйлыктары.
түзөтүү2006-жылы “Алтын үн” грамотасы
2008-жылы Эл аралык жаш эстрада ырчылардын “Жаңы толкун” конкурсунун лауреаты
2008-жылы Республикалык “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Жылдын ачылышы” наамы
2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин “Маданияттын отличниги” ордени менен сыйланган.
2011-жылы “Супер-инфо” гезитинин жылдын “Супер ырчысы” наамы.
2012-жылы “Жылдын сахна адамы”
2017-жылы "Silk Way Star" сынагында жеңүүчү