Омкоргуч балка - катуу эмес тоо тектерин массивден бөлүп алуу, тоңгон кыртышты көпшөө, бетон фундаменттерин, асфальт жана бетон төшөлмөлөрдү коңторууда колдонулуучу согуу принциби менен аракеттенүүчү мех. кол аспап.

Аткарылуучу иштин түрүнө жана талкалануучу массивге жараша Омкоргуч балканын жумуш аткаруучу учу найзача, көзөөч же күрөкчөдөн турат. Омкоргуч балканын корпусунда минутасына 1000—1500 жолу согуу менен жылып туруучу ургучунун энергиясы пайдалуу жумуш аткарат. Омкоргуч балка пневматнкалык, электрдик жана бензиндик болуп айырмаланат. Чакан көлөмдүү, массасы аз, кыйла кубаттуу, конструкциясы жөнөкөй жана өтө бекем пневматикалык Омкоргуч балкалар кеңири тараган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.